Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
23 Январь 2025 ж. 17:31
Көрүлдү: 299
Балдар тамагы глобалдык фондунун аткаруучу директору Арлин Митчелл Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркул Шаршеевнага ыраазычылык кат жөнөттү.
Балдар тамагы глобалдык фонду өз катында Япониянын Осака шаарында өткөн XXIV балдар тамагы боюнча глобалдык форумга кошкон салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
"Мектеп тамак-аш программаларынын региондук обзору" пленардык сессиясында Борбордук Азиядагы акыркы өзгөрүүлөр жөнүндө актуалдуу маалыматтарды камтыган сиздин мазмундуу презентацияңыз үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Сиздин сүйлөгөн сөзүңүз форумдун 400дөн ашык катышуучусуна – дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн келген өкмөттөрдүн өкүлдөрүнө жана өнөктөштөрүнө дем гана бербестен, олуттуу таасирин тийгизди. Төрт күн бою алар мектептеги тамактануунун негизги ролун өзгөртүү боюнча системаларын активдүү изилдешти”, - деп жазылат катта.
Мындан тышкары, форумдун натыйжалары, анын ичинде негизги сунуштар өкмөттүн мектептеги тамактануу программаларын бекемдөө аракеттерин алдыга жылдырууга жана колдоого түрткү болору белгиленген.
Балдар тамак-ашы боюнча глобалдык фонд Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууну улантууга даяр экенин жана бардык балдарды камтыган мектептеги тамактануунун туруктуу, инклюзивдүү программаларын илгерилетүүдө биргелешип иштөөгө үмүттөнөрүн билдирди.
Эске сала кетсек, министр Д. Кендирбаева 2024-жылдын 10-11-декабрында Япониянын Осака шаарында өткөн XXIV балдар тамагы боюнча глобалдык форумда сүйлөп, жаш муундарды ар тараптан өнүктүрүү, алардын ден соолугуна жана билимине кам көрүү Кыргызстандын мамлекеттик саясатында артыкчылыктуу багыт болуп саналарын белгилеген.
Маалымат үчүн: Кыргызстанда жыл сайын ысык тамак уюштурууга республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнөт. Эгер мектеп тамагына 2013-жылы 259,1 млн сом бөлүнсө, 2024-жылы 1.4 млрд сом бөлүнгөн.