Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
23 Январь 2025 ж. 16:39
Көрүлдү: 317
Ушул жылдын 22-январында Билим берүү жана илим министрлигинде Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоору талкууланды.
Белгилүү болгондой, долбоордун алкагында Ош мамлекеттик университетинде, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде илимий-изилдөө борборлору түзүлөт.
Долбоордун максаты жогорку кесиптик билим берүүдөгү илимий-изилдөө иштеринин жана программаларынын сапатын жогорулатуу, ошондой эле алардын эмгек рыногуна ылайык келишин камсыз кылуу болуп саналат.
Иш-чарада министрдин орун басары Расул Абазбек уулу бул долбоор көп адамдардын эмгеги менен ишке ашырылып жатканын белгилеп, «Башкысы – жыйынтык» деген ураан менен жигердүү иш алып баруу керектигин айтты.