Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Январь 2025 ж. 19:19
Көрүлдү: 361
Жыл жаңыргандан бери Кыргызстандын мугалимдерине арналган “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештиги текшерилүүдө.
Текшерүүнү компетенттүү адистерден куралган комиссия жүргүзүүдө. Комиссия мүчөлөрү ноутбуктарды иштетип көрүп, аларга жүктөлгөн программалык продуктулардын актуалдуулугун текшерип, техникалык талаптарга шайкештигин аныкташууда.
Коюлган талаптарга жооп берген ноутбуктардын алгачкы партиясы бүгүн, 22-январда, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Ноутбуктардын кийинки партиялары жыл ичинде министрликтин башка аймактык билим берүү бөлүмдөрүнө да белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет.
Эске сала кетсек, бул ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин базасында чогултулган.