Д. КЕНДИРБАЕВА УЛУУ БРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Январь 2025 ж. 18:28

Көрүлдү: 364

2025-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргызстандагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи министрге VSО эл аралык ыктыярчылар уюмунун өкүлдөрүн тааныштырды. Өз кезегинде алар аталган уюмдун ишмердүүлүгү жана эл аралык аренада билим берүү тармагындагы жетишкендиктери тууралуу маалымат беришти.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда англис тилин үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн, англис тилин билүү келечек муундар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берерин баса белгилешти.

VSOнун өкүлдөрү өздөрүнүн ыктыярчылары англис тилинин кесипкөй мугалимдери экенин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууга даяр экенин билдиришти. 

Жолугушууда англис тили мугалимдерине гана эмес, STEM сабактарынын (илим, технология, инженерия, математика) мугалимдерине да колдоо көрсөтүү маселеси көтөрүлдү. Тараптар кызматташуунун келечегин жана Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы билим берүү байланыштарын бекемдөө боюнча мүмкүн болгон кадамдарды да талкуулашты.

Д. Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн билим берүү потенциалын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди жогору баалай тургандыгын, элчи мырзага жана аталган уюмга бул процесске көмөктөшүүгө даяр экендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Боулер мырза министр Д. Кендирбаеваны ушул жылдын май айында Улуу Британияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форумуна катышууга чакырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар