Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Январь 2025 ж. 17:17
Көрүлдү: 352
21-январда Билим берүү жана илим министрлигинде Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин катышуусунда өспүрүмдөрдүн жол коопсуздугун камсыздоого багытталган үч тараптуу жолугушуу өттү.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов катышты.
Иш-чаранын максаты укук бузуулардын алдын алууга багытталган Кыргыз Республикасынын 60-мыйзамынын талаптарын, Министрлер кабинетинин тийиштүү токтом, тескемелерин аткаруу, жана өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу чаралары.
Ошондой эле окуучуларга жол эрежелерин үйрөтүү багытындагы класстык бурчтарды, окутуу методикалык программаларды замандын талабына шайкеш келтирүү, аларды жаңыртуу жана өзгөртүү жагдайлары каралды.
Башкы башкармалыктын башчысы Ж. Джоробеков өспүрүмдөрдүн катышуусунда катталган жол кырсыктарына кенен токтолуп, акыркы жылдары балдардын катышуусунда жол кырсыктары бир топ пайызга азайганы менен, бүгүнкү күндө дагы эле болсо маанилүү көйгөй катары калып жаткандыгын баса белгилеп, бул багытта биргелешип, иш алып баруу зарылчылыгын белгиледи.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова жол тескөөчүлөр мектептерде өтө турган класстык сааттарга байма-бай катышып турууну, электрондук варианттагы материалдар, видеороликтер менен камсыз кылууну сунуштады.
Кеңешменин соңунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо жана жалпы жол кыймылынын катышуучуларынын жолдо жүрүү маданиятын жогорулатуу багытында алдыдагы аткарыла турган иш-мерчемдерди түзүү боюнча биргелешкен протоколдук тапшырмалар берилди.