Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Январь 2025 ж. 16:56
Көрүлдү: 403
Бүгүн, 22-январда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Али Джабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушту.
Анда эки өлкөнүн Билим берүү министрликтеринин ортосундагы алаканы бекемдөө боюнча аракеттер талкууланды.
Али Джабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри мырза Кыргызстанда илим, билим алууга умтулган жаштардын кызыгуусу бар экенин байкаганын жана ал жаштар өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошоруна ишенерин билдирди. Элчи ошондой эле Катар мамлекети Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, кызматташуунун жол картасын биргеликте түзүү, 2014-жылы түзүлгөн кызматташуу боюнча комиссиянын ишин тереңдетүү максатында жакын арада видеоконференция уюштурууну сунуштады. Андан тышкары элчи Кыргызстанда иштеп жаткан Катар Кайрымдуулук Уюмуна 2025-жылга болгон суроо талаптарды берүүнү өтүндү.
Д. Кендирбаева министрлик эл аралык баарлашууга ар дайым ачык экенин белгилеп, башкы милдети балдардын билим алуусуна бирдей шарт түзүү экенин айтты.
“Жеке бала бакчаларды ачуу, бала бакчалардын инфраструктураларын жакшыртуу боюнча колдоолор болсо, ушул жылдын аягына чейин мектепке чейинки билим берүү программасына өлкөбүздөгү балдардын 60% тарта алабыз”, – деди министр.
Элчи Катар Кайрымдуулук Уюму менен дароо байланышып, айтылган сунуштарды аткаруу боюнча иш алып барарын билдирди.
Жолугушууда Катар илимпоздору менен бирге илимий иштерди, долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселеси да каралды.