Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Январь 2025 ж. 13:40
Көрүлдү: 90
Азыркы учурда мугалимдерге, директорлорго “министрлик тарабынан февраль айында акы төлөнүүчү семинар уюштурулат” деген маалымат тарап жатат.
Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана ага караштуу ведомстволук уюмдар: Кыргыз билим берүү академиясы, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту мугалимдер үчүн акы төлөнүүчү семинар, тренингдерди уюштурбайт.
Бул жосун – акча табууну көздөгөн шылуундардын кезектеги айла-амалы.
Министрлик мугалимдерди жана директорлорду алдамчылык менен акча табууну көздөгөн шылуундарга ишенбөөгө, күмөндүү жеке жана юридикалык жактарга акча которбоого чакырат.