Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Январь 2025 ж. 10:04
Көрүлдү: 416
21-январда "Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорунун Байкоочу кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү.
Байкоочу кеңештин курамына Билим берүү жана илим министри, министрдин орун басарлары, айрым башкармалыктардын жана ведомстволук уюмдардын, жогорку окуу жайлардын жана мектептердин жетекчилери кирет. Байкоочу кеңеш долбоордун ачыктыгын жана эффективдүүлүгүн камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылат жана өлкөдөгү билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарды колдойт.
Иш-чараны билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ачып, долбоордун алкагындагы иш-аракеттерди сөзсүз түрдө өз убагында жана эффективдүү аткаруу керектигине токтолду.
Андан соң иш-чаранын катышуучуларына долбоор жөнүндө презентация өткөрүлдү. Кеңештин мүчөлөрү байкоочу кеңештин жобосун, иш планын жана долбоордун бюджетин талкуулап, жактырышты.
Белгилей кетсек, долбоор билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, башкарууну жакшыртуу жана бүткүл өлкө боюнча инновациялык мектептерди түзүү аркылуу 2018-2040-жылдарга улуттук өнүгүү стратегиясын, 2021-2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү программасын жана 2026-жылга чейинки Улуттук программаны ишке ашырууга Билим берүү жана илим министрлигине колдоо көрсөтөт.
Долбоордун алкагында 23 инновациялык мектеп жана Кыргыз билим берүү академиясы модернизацияланат, коомдук дисциплиналар жана маалыматтык технологиялар үчүн жабдуулар жаңыланат, ошондой эле 220 кластердик мектептерде лабораториялар жабдылат.