“ТҮРКИЯНЫН СТИПЕНДИЯЛАРЫ” ПРОГРАММАСЫНА КАТЫШУУ ҮЧҮН ƟТҮНМƟЛƟР КАБЫЛ АЛЫНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Январь 2025 ж. 14:12

Көрүлдү: 447

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына Түркиянын жогорку окуу жайларына кабыл алуу өнөктүгү башталганын жар салат.

post.title

Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Чет ɵлкɵдɵгү түрктɵр жана тектеш коомдор иштери боюнча башкармалыгы (YТВ) тарабынан ишке ашырылган “Түркиянын Стипендиялары” (Turkiye Burslari) программасына катышуу үчүн ɵтүнмɵлɵр 2025-жылдын 20-февралына чейин кабыл алынат.

Стипендиялык программа жөнүндө кеңири маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу алууга болот: https://www.turkiyeburslari.gov.tr/

Ал эми программага катышуу үчүн ɵтүнмɵлɵрдү төмөнкү сайт аркылуу тапшыруу керек: https://www.turkiyeburslari.gov.tr/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар