МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ БОЮНЧА КӨЧҮРҮҮ ЭКЗАМЕНДЕРИ КИРГИЗИЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Январь 2025 ж. 14:03

Көрүлдү: 239

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна ылайык республиканын жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө кыргыз тили предмети боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү (класстан класска) көчүрүү экзамендери киргизилет.

post.title

2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 5-6-класстарынын окуучулары, ал эми 2025-2026-окуу жылынан тартып 7, 8 жана 10-класстарынын окуучулары кыргыз тили предмети боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү (класстан класска) экзамендерин тапшырышат.

Экзамендерди министрликке караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштурат. Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана предметтик мугалимдерге окуулар өткөрүлөт.
Көчүрүү экзамени 3 субтесттен турат: лексика-грамматика, окуп-түшүнүү жана жазуу. Окуучулар үчүн алдын ала сынамык тесттер болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар