УКМК ТӨРАГАСЫ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Январь 2025 ж. 9:54

Көрүлдү: 318

2025-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Академиясынын имаратында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин, ЖОЖдордун ректорлорунун, кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорунун катышуусунда профилактикалык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

post.title

УКМК төрагасы кеңешменин катышуучуларына республиканын улуттук коопсуздук органдары тарабынан аткарылып жаткан иштердин жыйынтыктары тууралуу кыскача маалымат берди.

К. Ташиев "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык 2025-2026-жылдары УКМК өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 30-40 пайыздык деңгээлде экенин, ал эми мурдагы мезгилдерде өлкөдөгү коррупциянын деңгээли 70-80 пайызды түзгөнүн билдирди.

Сөзүнүн аягында УКМК төрагасы коррупция сыяктуу ыплас иштер менен биргелешип күрөшүү керектигин айтып, ар бир кызматкерди таза жана адилеттүү иштөөгө, жемкорлукту жок кылууга чакырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар