МИНИСТРЛИКТЕ IM JAPAN КОМПАНИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Январь 2025 ж. 16:44

Көрүлдү: 401

Бүгүн, 9-январда, Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Лира Самыкбаеванын IM JAPAN компаниясынын жетекчилери менен жолугушуусу болду. Иш-чарада кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу маселеси талкууланды.

post.title

Тараптар өлкөлөр ортосундагы тажрыйба алмашуу маселелерин кеңири карап чыгып, IM Japan компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Кыргыз Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайлары, атап айтканда, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен өз ара кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.

IM Japan компаниясы Кыргызстандан жыл сайын 100гө жакын стажёрду Японияда кесиптик даярдыктан өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Такшалтуу программасы медайымдык иш, HoReCa (мейманкана жана ресторан бизнеси), транспорттук кызматтар (айдоочулар), ашпозчулук иш сыяктуу тармактарды камтыйт.

Японияга жөнөтөрдөн мурун стажерлор ар тараптуу (жапон тилин үйрөнүү, өлкөнүн маданияты менен таанышуу жана кесиптик милдеттерин өздөштүрүү) даярдыктан өтүшөт. Японияга баргандан кийин катышуучулар үчүн квалификациясын жогорулатууга багытталган кошумча окутуу да каралган.

IM Japan компаниясы программа бүткөндөн кийин стажёрлорго колдоо көрсөтүүгө, алардын алган билими менен жөндөмдөрүн Кыргызстанда колдонууга көмөктөшүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бул ыкма региондордогу кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө жана кесиптик деңгээлди жогорулатууга багытталган.



Тараптар программаны жакын арада ишке ашыруу үчүн анын шарттарын жана механизмдерин талкуулоону улантмай болушту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар