Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
15 Январь 2025 ж. 18:29
Көрүлдү: 424
Бүгүн, 15-январда, Бишкек шаарындагы № 35 орто мектепте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Google пилоттук долбоорунун алкагында 100 хромбук тапшырылды.
Пилоттук долбоордун негизги максаты Google санариптик билим берүү көнүмдөрүнүн билим берүүнүн сапатына тийгизген таасирин изилдөө болуп саналат.
Иш-чарада билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева бул пилоттук долбоорго № 35 мектептин 6-11-класстарынын окуучулары катышып жатканын, окуучулар жеке компьютер менен камсыз болуп, мугалимдер менен компьютер аркылуу баарлашууга мүмкүнчүлүк алышарын билдирди.
«Хромбук Google системасы менен иштейт, вирустары жок, интернетке коопсуз чыга алат. Борбордук башкаруу аркылуу окуучунун кайсы жана кандай материалдар менен иштеп жатканын мугалим өзү көзөмөлдөйт. Дүйнө жүзүндөгү окуучулардын 70 пайызы ушундай хромбуктарды колдонушат», – деди Л. Самыкбаева.
Хромбуктар окуучулар менен педагогдордун заманбап окутуу инструменттерине жетүүсүн камсыз кылат, ошондой эле мектеп окуучулары менен педагогдордун санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, инновациялык технологияларды пайдалануу аркылуу окуу процессин жакшыртууга, азыркы стандарттарга дал келген санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө түзөт.