КЫТАЙДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ  УЗАРТЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Январь 2025 ж. 18:44

Көрүлдү: 506

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына өтүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын конкурстук тандоонун мөөнөтү 2-февралга чейин узартылганын маалымдайт.

post.title

Кытайдан жогорку билим алууну кыялданган Кыргызстандын жарандары үчүн тиешелүү документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2025-жылдын 2-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 23:59.
Стипендиялык программага катышуу маселелери боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү телефон аркылуу берилет: +996 (312) 621193

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар