ТЫНЧТЫК КОРПУСУ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ УЛАНТУУГА КЫЗЫКДАР

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Январь 2025 ж. 17:51

Көрүлдү: 477

Бүгүн, 14-январда, министрдин орун басары Лира Самыкбаева Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы директору Хойт Брайан Йии менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда министрлик менен Тынчтык корпусунун 2025-жылга карата пландары жана мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Тынчтык корпусунун волонтерлорунун санын көбөйтүү жана алардын Кыргызстанда иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тынчтык корпусунун директору ыктыярчыларды дайындоо үчүн министрлик сунуштаган мектептердин тизмесин берүүнү өтүнүп, бул тизме Тынчтык корпусуна өз ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүүсүнө жардам берерин билдирди.


Тараптар кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн да карап чыгышты. Ошону менен бирге Тынчтык корпусунун иши жана министрликтин демилгелери жөнүндө калкты жана билим берүү мекемелерин кабардар кылуу үчүн социалдык тармактарды жана медианы колдонуу боюнча пландарды талкуулашты.

 


Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин өкүлдөрү билим берүү системасындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, анын ичинде "Алтын Казык" программасы, 12 жылдык билим берүүгө өтүү, STEM-дисциплиналарды киргизүү жана мектептерде англис тилин тереңдетип окутууу маселелери боюнча маалымат беришти.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган үзүрлүү кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдиришти.


 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар