МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВАНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

31 Декабрь 2024 ж. 9:16

Көрүлдү: 2005

Урматтуу кыргызстандыктар, кымбаттуу жаш достор жана агартуучулар!

post.title

Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Жаңы жыл балдарыбыз үчүн бактылуулуктун, өлкөбүз үчүн өнүгүүнүн жылы болсун! Ар бириңиздер үчүн берекеси төгүлгөн жылдардан болсун!

Урматтуу ата-энелер!

Кыргызстаныбыздагы балдар билимдүү болсо, биз дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына ишенимдүү кире алабыз. Андыктан ар бир баланын билими, ден соолугу жана татыктуу тарбиясы үчүн бирге аракеттенели.

Жаңы жыл – балдар үчүн, үй-бүлө үчүн өзгөчө майрам. Жаңы жылда балдар жаңы тилектерди, жаңы үмүттөрдү, жаңы кыялдарды эңсөө менен өзгөчө кереметти күтүшөт. Ошол балдардын кыялдарына жооп бере алгандай бололу, балдардан мээримди аябайлы, балдарга кучагыбызды кенен жайып, бардык артыкчылыктуу мүмкүнчүлүктү, багытты арнайлы.

Адамзат катары биздин бир гана миссиябыз бар. Ал – татыктуу муунду тарбиялоо. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бүтүндөй тармагы менен билим берүүнү жакшыртуунун үстүндө талыкпай иштеп жатат.

Билим берүү демилгелеринин баарын урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич толук колдоп жатат. Ар бир салынган каражат, бөлүнгөн көңүл, жасалган иш биздин келечегибизди бекемдөөгө, өнүктүрүүгө багытталган.

Кыргызстанда туруктуу тынчтык болсун! Тынчтыкты бекемдөө, өнүктүрүү жана сактоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Кыргызстаныбыз күчтүү болсо, баарыбыз каалаган максатыбызга жете алабыз.

Бар болуңуздар!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар