ӨЛКӨ БОЮНЧА STEM МУГАЛИМДЕРИНИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА ИРИ КУРСТАРДЫН ҮЧҮНЧҮ ЭТАБЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

26 Декабрь 2024 ж. 17:36

Көрүлдү: 1134

STEM сабактарынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстардын үчүнчү этабы 2935 мугалимди камтыды.

post.title

Курстар табигый жана так илимдерди окутуунун алдыңкы эл аралык методикаларын киргизүүгө багытталган. Бул методикалар мугалимдерге окуучуларды STEM сабактарына болгон кызыгуусун арттырууга, билим берүү процессине активдүү тартууга, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.

Өлкөнүн бардык аймактарын камтыган тренингдерди квалификациялуу мастер-тренерлер өткөрдү. Алар Кыргызстандын эң алыскы, тоолуу жана жетүүгө татаал аймактарындагы мектептерге барып, мугалимдерге практикалык жардам көрсөтүштү.

Тренингдерде жаңы методикаларды практикада колдонууга өзгөчө көңүл бурулган. Тактап айтканда, курстарды аяктаган ар бир мугалим алган билимдерин колдонуу менен өзүнүн сабак пландарын түзөт. Ал эми мастер-тренерлер мугалимдердин сабактарына катышып, жаңы методдорду күнүмдүк практикага киргизүүгө колдоо көрсөтүшөт.

Курстардын биринчи жана экинчи этабы 7259 адамды камтыган. Тренингдердин төртүнчү этабы 2025-жылдын 8-январында башталат. Бардыгы болуп, өлкө боюнча 15 000 ден ашык STEM мугалимин окутуу пландаштырылууда.

Квалификацияны жогорулатуу программасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар