БИШКЕК МЕНЕН ОШТО МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО СЫНАГЫ ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

25 Декабрь 2024 ж. 14:37

Көрүлдү: 2329

2024-жылдын 25-декабрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тест өткөрүлүүдө.

post.title

Тестирлөөгө өлкөнүн бардык аймактарынан 294 талапкер катышууда.

Эскерте кетсек, азыркы учурда республика боюнча 457 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундары бош.

Сынак Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан өткөрүлүүдө. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар