Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
20 Декабрь 2024 ж. 18:05
Көрүлдү: 1025
Бүгүн, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жаш окумуштуулардын арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Жеңүүчүлөргө сыйлыкты Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу тапшырып жатып, акыркы убакта илимге өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.
“Кечээ президент Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратын ачканын көрдүк. 2025-жылдан баштап илимий кызматкерлердин айлык акылары 100 пайыз көтөрүлөт деди, “Эл үмүтү” президенттик стипендиясы да берилип жатат. Илимге сиздер дагы салымыңыздарды кошуп өлкө үчүн иштеп берет деп ишенем”, - деди Р.Абазбек уулу.
Сынак окумуштуулук даражасы бар же жок экендигине карабастан 35 жашка чейинки жаш изилдөөчүлөрдүн жана окумуштуулардын арасында үч номинация менен өткөрүлдү: «Жылдын эң мыкты илимий макаласы», «Жылдын эң мыкты инновациялык социалдык долбоору», «Жылдын мыкты жаш окумуштуусу».
Министрликке жалпасынан 36 өтүнмө келип түшүп, алардын ичинен сынак коммиссиясынын сунушу менен 8 кишини жеңүүчү болду.
«Жылдын эң мыкты илимий макаласы» номинациясы боюнча:
1-орун - Асилбеков Кыязбек Асилбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун илимий кызматкери;
2-орун - Жапаралиев Шербол Жапаралиевич, Ош мамлекеттик университетинин ага окутуучусу;
3-орун - Окенов Арстанбек Окенович, Гент университети (Бельгия) PhD программасынын студенти.
«Жылдын эң мыкты инновациялар социалдык долбоору» номинациясы боюнча:
1-орун - Шайымбетова Алтынай Рысбековна, Кыргыз-Россия Славян университетинин ага окутуучусу;
«Жылдын мыкты жаш окумуштуусу» номинациясы боюнча:
1-орун - Дуулатов Элдияр Сапарбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун улук илимий кызматкери, геология илимдеринин кандидаты;
2-орун - Абдирасулова Жайнагуль Абдирасуловна, Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медициналык факультетинин окутуучусу;
3- орун - Алишер кызы Салтанат, Ош мамлекеттик университети жана Эрнисова Айгерим Эрнисовна, Кыргыз-Россия Славян университетинин ага окутуучусу.
Жеңүүчүлөргө 1-орунга ноутбук (MacBook), 2-орунга уюлдук телефон (iOS), 3-орунга планшет (iOS) тапшырылды.
Белгилей кетсек, сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалымат кызматынын сунушу менен илимге жаштарды тартуу, жаш изилдөөчүлөрдү колдоо, таануу максатында биринчи жолу өткөрүлдү.