Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
20 Декабрь 2024 ж. 16:02
Көрүлдү: 157
Бүгүн, 20-декабрда, Бишкекте III Элдик Курултай өтүп жатат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана министрликтин кызматкерлери курултайдын делегаттарынан билим берүү жана илим тармагына, таалим-тарбия маселесине тиешелүү суроолорду кабыл алууда.
Азыркы убакта 128 арыз келип түштү. Кайрылуулардын көбү бала бакчаларды, мектептерди куруу, инфраструктураны оңдоо жана кадр маселелери, эмгек акы боюнча болууда.
Министр Догдуркүл Кендирбаева баштаган тийиштүү адистер делегаттар көтөргөн маселелерди талдап, алардын айрымдарын жеринен чечүү үчүн аракеттерди көрүп, тиешелүү жардамдарды көрсөтүшүүдө.
Белгилей кетсек, үчүнчү Элдик Курултайга 698 делегат, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрү катышууда.