МИНИСТР КОРЕЯЛЫК ПРОФЕССОР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Декабрь 2024 ж. 17:39

Көрүлдү: 290

Бүгүн, 17-декабрда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Корея Республикасынын профессору, Эл аралык мамилелер жана билим берүү институтунун башкы директору, Кенгун университетинин Эркин искусстволор колледжинин деканы Джой Джу Ен Чун менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда министр Д. Кендирбаева Кыргыз Республикасы 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатканын айтты. Ошондой эле министр Кореянын билим берүү тармагында эң ийгиликтүү тажрыйбасы бар экенин белгилеп, педагогикалык багыттагы адистерди даярдоо ыкмасы, мугалимдерге коюлган талаптар, аларга кандай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгү жөнүндө сөз кылды. 

Профессор Джой Джу Ен Чун Корея Республикасынын Билим берүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууга даяр экенин билдирип, алдыда 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө Кореянын тажрыйбасы менен бөлүшүп, каталарды кетирбөө максатында кеңештерди берип турарын айтты. 

Жолугушуунун жыйынтыгында жакын арада өтө турган форумда Кореянын 12 жылдык билим берүү тажрыйбасы боюнча онлайн презентация жасоо, ошондой эле өз ара тажрыйба алмашуу максатында кыргызстандык мугалимдерди Кореяга чакыруу сунушу жактырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар