МИНИСТР УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН РЕМОНТТОЛГОН ИМАРАТЫН КӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Декабрь 2024 ж. 16:38

Көрүлдү: 302

Бүгүн, 17-декабрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратын көрдү.

post.title

Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев академиянын жаңыланган имараты менен тааныштырып чыгып, быйыл академиянын түзүлгөнүнө 70 жыл болуп, башкы имараты 60 жыл мурда курулуп, ошол убактан бери бир да жолу капиталдык ремонттон өтпөгөндүгүн белгилеп, буларга токтолду: “Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен бюджеттен акча бөлүнүп, башкы имараттын капиталдык ремонт иштери аяктап калды. Көптөгөн көйгөйлөр бар болчу, азыр анын баары чечилди. Академияда жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болду”. 

Министр Д.Кендирбаева академиктер менен кызматкерлердин ишине ийгилик каалап, илимпоздордо Кыргыз Республикасына, кыргыз элине, жакшы ачылыштарды жасаарын, илимий изилдөөлөр жүрүп, мамлекетке өз салымдарын кошот деген ишеним бар экенин баса белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар