ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ ГРАФИГИ БЕКИТИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Декабрь 2024 ж. 18:18

Көрүлдү: 324

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына карата кышкы кабыл алуунун алкагында абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларын өткөрүү графигин бекитти.

post.title

Эске сала кетсек, жогорку кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды окуу жылынын ичинде эки жолу Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу механизми иштелип чыккан. 

Кышкы кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинин негизинде жүргүзүлөт. 

Белгилей кетсек, ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу абитуриенттерди окуу акысын төлөө келишими (контракт) боюнча орундарга гана тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча кышкы кабыл алуу үчүн ЖОЖдордун жана багыттардын тизмеси https://2020.edu.gov.kg/ сайтына жайгаштырылды. Ал эми чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын ЖОЖдоруна кабыл алуу https://edugate.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.  

Кышкы кабыл алуунун алкагында ЖРТнын жыйынтыктары боюнча конкурстук тандоо 2024-жылдын 23-декабрында башталып, төрт турда өтөт. 

Турлардын графиги бул жакта жайгаштырылган. 2024-жылы өткөрүлгөн ЖРТнын жыйынтыктары кышкы кабыл алуунун алкагында сынакка катышуу үчүн жарактуу. 

Кышкы кабыл алуу учурунда кабыл алуу эрежелери жайкы кабыл алуу менен бирдей. 
Порталда өзүнүн жеке кабинетин каттоо жана ачуу, ошондой эле конкурстук тандоого катышуу боюнча нускама https://2020.edu.gov.kg/ сайтына жайгаштырылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар