КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЕВРАЗИЯ КОМАНДАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНДА АЛТЫН, КҮМҮШ, КОЛО МЕДАЛДАРДЫ УТУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Декабрь 2024 ж. 9:23

Көрүлдү: 336

2024-жылдын 13-14-декабрында Казакстандын Алматы шаарында мектеп окуучуларынын информатика боюнча XVI Евразия командалык олимпиадасы болуп өттү.

post.title

Олимпиадага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 73 команда (бир командада 3 окуучу) катышты. Кыргызстандан 8 команда өлкөнүн намысын коргоду.

Олимпиаданын жыйынтыгында бир команда алтын медаль, үч команда күмүш медаль, эки команда коло медаль, эки команда сертификат менен сыйланды.

Алтын медалга Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек, Токмок жана Нарын шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Майрамбеков Байторо, Айдарбеков Алихан, Лебиев Абдулазиздер ээ болушту. Аларды олимпиадага Урайымов Кылычбек даярдаган.

Күмүш медалга төмөнкү командалар ээ болушту:

1. Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Ош жана Токмок шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Абдирасулов Абдуллахан, Арапов Али, Карыпжанов Нурислам.

Даярдаган мугалими – Урайымов Кылычбек.

2. Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Алманов Кутбол, Садирбеков Санжар, Бусурманкулов Канимет.

Даярдаган мугалими – Урайымов Кылычбек.

3. Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Кадамжай районундагы жана Нарын шаарындагы лицейлеринин, ошондой эле Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Маалыматтык технологиялар улуттук мектеп-лицейинин окуучулары: Мананов Рамазан, Кадыров Адилхан, Жаникеев Саид.

Даярдаган мугалимдери: Урайымов Кылычбек жана Алмазбеков Бексултан.

Коло медалга төмөнкү командалар ээ болушту:

1. Бишкектеги Газпром Кыргызстан мектебинин жана Якир атындагы 61-автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары: Канатбеков Адиль, Филиппов Андрей, Бобрус Ян.

Даярдаган мугалими – Осмонов Медербек.

2. Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Ош, Жалал-Абад жана Талас шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Зымчыбеков Ислам, Миңбаев Байыш, Алишеров Азамат.

Даярдаган мугалими – Урайымов Кылычбек.

Сертификат менен төмөнкү командалар сыйланды:

1. Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Каракол шаарындагы жана Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы лицейлеринин окуучулары: Жамалов Тенгиз, Акжолтоева Айпери, Саламатов Байел.

Даярдаган мугалими – Урайымов Кылычбек.

2. Кут Билим окуу-тарбия комплексинин окуучулары: Тажибаев Исхак, Маликов Азим, Алахунов Ахмад.

Даярдаган мугалими – Саматов Манас.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар