ЧҮЙДӨ КООПСУЗ БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮН ТҮЗҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН КОМПЛЕКСТҮҮ ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Декабрь 2024 ж. 17:54

Көрүлдү: 515

Республикадагы билим берүү уюмдарында зомбулуктун бардык формаларынан коргоого жана алдын алууга, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө, ден соолукка зыян келтирүүчү аракеттердин ар кандай түрүнөн, ошондой эле дене бойлук жана психологиялык зомбулуктан сактоого шарт түзүү максатында билим берүү кызматкерлери үчүн комплекстүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

post.title

Чүй облусунун аймагында уюштурулган иш-чараларга билим берүү системасынын өкүлдөрүнөн тышкары Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү тургундар да катышууда. 

Жолугушууларда көп көтөрүлгөн маселелердин бири коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында ар бир бала бакчада видео көзөмөл жүргүзүү маселеси болду. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Чүй облусундагы 207 бала бакчанын 79да (38,2%) гана видео көзөмөл жүргүзүүчү камералар орнотулган. 

Жалпысынан республикадагы 1871 бала бакчанын ичинен 1186 бала бакчада (63,4%) видео көзөмөл жүргүзүүчү камералар орнотулган. Билим берүү жана илим министрлиги мындай камераларды калган бала бакчаларда тез арада орнотуу зарылдыгын баса белгилеп, жергиликтүү бийлик органдарына кайрылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар