БИШКЕКТЕ КУРУЛУШ ТАРМАГЫНДА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

9 Декабрь 2024 ж. 18:09

Көрүлдү: 649

2024-жылдын 9-декабрында Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжинде (мындан ары – БАКМК) “Кесиптик билим берүүнүн ролу" темасында тегерек стол болуп өттү. Анын максаты – кесиптик билим берүү курулуш тармагына кандай жардам берерин жана эмгек рыногун кантип кеңейтүү керектигин талкуулоо.

post.title

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү, иш берүүчүлөр жана педагогдор катышты.

Билим берүү министринин орун басары курулуш тармагын ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн билим берүү мекемелери менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгын белгиледи.

Катышуучулар курулуш тармагына кандай адистер керек экендигин, кесиптик билим берүүнү кантип өнүктүрүү керектигин жана кадрларды даярдоону кантип жакшыртуу керектигин талкуулашты. Алдыңкы тажрыйба борборлорунун мааниси жана окуу жайлар менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгү тууралуу өзүнчө сөз кылышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – Мамкурулуш) курулуш тармагындагы негизги чакырыктарды, анын ичинде квалификациялуу кадрларды абдан жетишсиз болуп жатканын, баса белгилешти. Буга жооп катары билим берүү жана илим министринин орун басары дуалдык билим берүү, жумуш ордунда практикалык окутуу сыяктуу чараларды киргизүүнү жана жумуш берүүчүлөрдүн катышуусунда биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууну сунуштады.  

Тегерек столдон кийин катышуучулар БАКМКнын окуу-өндүрүштүк комплексине, окутуучулардын көндүмдөрүн валидациялоо жана квалификациясын жогорулатуу аянтчаларына барышты. Тегерек стол идея алмашуу жана курулуш тармагында адистерди даярдоо үчүн чечимдерди издөө үчүн маанилүү аянтча болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар