Автор: Маалыматтык саясат сектору
9 Декабрь 2024 ж. 14:26
Көрүлдү: 1273
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына Венгриянын жогорку окуу жайларына конкурстук тандоо башталганын жар салат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2025-2027-жылдарга Stipendium Hungaricum программасынын алкагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында жыл сайын Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн венгр же англис тилинде Венгриянын жогорку окуу жайларында окуу үчүн гранттар бөлүнүп берилет.
Талапкерлер 2025-жылдын 15-январына саат 14:00гө чейин (Борбордук Европа убактысы боюнча) https://apply.stipendiumhungaricum.hu онлайн-системасында катталып, формаларды толтурушу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди жүктөшү зарыл. Ошондой эле, 2025-жылдын 15-январына саат 18.00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) https://bilim.gov.kg онлайн-системасында (мындан ары - "Чет өлкөдө окууга Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу порталы" тиркемеси) катталып, бардык талап кылынган документтерди жана сүрөттү жүктөө керек.
Венгриянын университеттери, программалары жана каттоо тартиби тууралуу маалыматты бул жерден жүктөп алууга болот.