МИНИСТРЛИК ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Декабрь 2024 ж. 16:24

Көрүлдү: 420

Бүгүн, 2024-жылдын 5-декабрында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, коомдук кабылдама аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.

post.title

Р. Абазбек уулу кайрылууларды кылдаттык менен карап, мектептеги билим берүү, колледждердин иши жана Кытай университеттери менен кызматташуу боюнча маселелерди карады. 

Министрдин орун басары көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү бөлүмдөргө тапшырма берди.

Эскерте кетсек, министр жана анын орун басарлары жумуш күндөрүндө ар бир аптада белгиленген графикке ылайык жарандарды кабыл алышат.

Министрликтин коомдук кабылдамасынын телефону: +996 (312) 62-05-19.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар