Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
4 Декабрь 2024 ж. 13:42
Көрүлдү: 687
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республика боюнча билим берүү уюмдарында балдардын укугун коргоо, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча билим берүү кызматкерлеринин арасында тиешелүү иш-чаралар өткөрлүп жатканын маалымдайт.
Учурда Кыргызстан боюнча менчигинин түрлөрүнө жана формаларына карабастан бардык билим берүү уюмдарында балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында комплекстүү окутуулар, семинар, жыйналыштар, жөө жүрүштөр, акциялар уюштурулууда.
Ошондой эле, балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоону камсыз кылууга багытталган инструкциялар иштелип чыгууда жана алар аткарууга алынат.