ӨЗ КӨНДҮМДӨРҮҢДҮ РАСМИЙ ТАСТЫКТООНУ КАНТИП АЛУУ КЕРЕК?

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Декабрь 2024 ж. 17:57

Көрүлдү: 273

2024-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору “Балдар тамагы жана диеталык тамак ашпозчусу” адистиги боюнча кесиптик көндүмдөргө баалоо жүргүздү.

post.title

Иш-чара Кыргызстандын ашпозчулары ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган. Ал өз жөндөмүн тастыктагысы келгендерге жана карьерасын өнүктүрүүдө, жаңы жумуш издөөдө жардамы тие турган расмий документти алгысы келгендерге арналган.

Кимдер катыша алат?

- Кесиптик тажрыйбасы жана көндүмдөрү бар, бирок кесиптик ишмердигин тастыктай турган тийиштүү документтери жок адамдар.

Бул эмне үчүн керек?

- Жумушка орношууга мүмкүнчүлүктөрүңүздү жогорулатат.

- Практикалык тажрыйба аркылуу алынган көндүмдөрдү тастыктайт.

Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору көптөгөн талап кылынган кесиптер, анын ичинде курулуш адистиктери, автомобиль оңдоо, тигүү иши, маалыматтык технологиялар, ошондой эле ветеринария жана инженердик системаларды эксплуатациялоо боюнча сертификацияны сунуштайт.

https://www.icvc.kg/ сайтынан көбүрөөк билүүгө болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар