БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ БИЛДИРЕТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Декабрь 2024 ж. 10:07

Көрүлдү: 494

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармакта тарап жаткан Сузак районундагы балдар бакчасында болгон окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү кызматкерлерге чара көрөт.

post.title

Балдар бала бакчада жүргөн учурда алардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн ар бир кызматкер жоопкер. Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт жана катуу тыюу салынат.

Жогоруда айтылган окуя боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүлүп, жооптуу кызматкерлерге катуу чара көрүлөт.

Ар бир баланын коопсуздугун камсыздоо, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте видео көзөмөл уюштуруу колго алынат. Ошондой эле кызматкерлер арасында балдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо боюнча комплекстүү окутуулар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар