Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
28 Ноябрь 2024 ж. 16:08
Көрүлдү: 531
Пресс - анонс:
2024-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына жарыяланган сынактын алкагында тест уюштурат.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо 29-30-ноябрда Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.
Азыркы учурда республика боюнча 747 бош орун бар. Сынак “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 токтомунун негизинде өткөрүлөт.
Эске сала кетсек, сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери каттоого алынган. Каттоо 2024-жылдын 4-ноябрынан башталып, 2024-жылдын 18-ноябрына чейин жүргүзүлгөн. Биринчи этаптан өткөн талапкерлер тестке чакырылган.
Бишкекте Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 6-корпусунда (5, 6-аудиторияларда), Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин индустриялык-педагогикалык колледжинин имаратында (жыйындар залында жана 214-аудиторияларда) өткөрүлөт.
Талапкерлерди каттоо Бишкекте саат 9-00да, Ош шаарында саат 8-30да башталат.
Кызыкдар журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттары кошумча маалыматты төмөнкү телефон номерлери аркылуу ала алышат:
0707 140104 (Бишкек шаары),
0770 001898 (Ош шаары)
КР БИМ маалыматтык саясат бөлүмү
Тел.: 0312 623591
Эл. дарек: educationkgpress@gmail.com