Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
28 Ноябрь 2024 ж. 11:52
Көрүлдү: 1645
Бүгүн, 27-ноябрда, министрдин орун басары Абазбек уулу Расул республиканын кесиптик лицейлеринин директорлору менен онлайн жыйын өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:
- жаңы 2024-2025-окуу жылына башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларына окуучуларды кабыл алуу;
- окуу жайларын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү;
- билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын (ББМС), https://mugalim.edu.gov.kg/ru/login жана https://kesip.edu.gov.kg/ru платформаларынын статусу;
- дуалдык окутуу башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларында билим берүү процессинин милдеттүү этабы катары;
- кийинки WorldSkills жумушчу кесиптеринин чемпионатына даярдыкты баштоо.
Жыйында окуу жайларынын жетекчилери күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Айтылган маалымат боюнча бүгүнкү күндө башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларына көмүр жеткирүү 87% (2501 тонна) аткарылган. Бардык пландаштырылган көмүрдү окуу жайларга жеткирүү 3041 тоннаны түзөт.
Министрдин орун басары көмүр даярдоо планын 2024-жылдын декабрына чейин аткарууну тапшырды.
Күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулагандан кийин Абазбек уулу Расул бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда:
- күн тартибинин биринчи маселеси боюнча башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын директорлоруна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 982/1 "Жаңы 2024-2025-окуу жылына окуучуларды башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларына кабыл алуу жөнүндө" буйругун тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн тартиптик жазаларды берүү;
- күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча КР БИМдин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгына окуу жайларына көмүрдүн өз убагында жеткирилишин көзөмөлгө алуу жана күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүнү камсыздоо;
- күн тартибинин үчүнчү маселеси боюнча кесиптик лицейлердин директорлоруна инженердик-педагогикалык кызматкерлердин жана окуучулардын маалыматтарын ББМС системасында, https://mugalim.edu.gov.kg/ сайтында, ошондой эле кыска мөөнөттүү окуу курстары боюнча маалыматтарды https://kesip.edu.gov.kg/ сайтында толтурууну камсыз кылуу;
- күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгына дуалдык окутуу боюнча программаларга анализ жүргүзүү, 2024-жылдын декабрына карата дуалдык окутууну уюштуруу боюнча анализдин жыйынтыктары жөнүндө кеңешме өткөрүүнү пландаштыруу; окуу жайларынын директорлоруна бул багыттагы иштерди күчөтүү, дуалдык окутууга тартылган окуучулардын санын көбөйтүү;
- күн тартибиндеги бешинчи маселе боюнча WorldSkills жумушчу кесиптеринин экинчи чемпионатына даярдыкты баштоо.
Ошондой эле министрдин орун басары окуу жайларындагы эмгек жана аткаруучулук тартипти күчөтүүнү тапшырды.