МИНИСТРЛИК БИЛДИРЕТ: СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДАГЫ И. БЕКТЕМИРОВ АТЫНДАГЫ № 8 МЕКТЕП ЖАБЫЛГАН ЖОК

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Ноябрь 2024 ж. 17:27

Көрүлдү: 195

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Исабек Бектемиров атындагы № 8 мектепке байланыштуу ата-энелердин кайрылуусу боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

post.title

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча Сүлүктү шшарындагы И. Бектемиров атындагы № 8 орто мектепте азыркы учурда 19 мугалим эмгектенип, 186 окуучу (1-9-класстар) окуп жатат. 1-9-класстар толук комплекттелген.

Ал эми жогорку класстарда окуучулардын саны аз (10-класста 9 окуучу, 11-класста 7 окуучу) болгонуна байланыштуу окуучуларга сапаттуу билим берүү максатында жогорку класстардын 16 окуучусу И. Бектемиров атындагы № 8 мектепке жакын жерде жайгашкан Токтогул атындагы № 2 орто мектепке которулган.

Балдардын мектепке барып-келүүсү үчүн автобус уюштурулган.
Министрлик тарабынан бул мектепти жабуу жөнүндө эч кандай чечим чыккан эмес. Окуучулар ушул эле мектепте билим алуусун улантышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар