Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
25 Ноябрь 2024 ж. 17:58
Көрүлдү: 494
2024-жылдын 4-ноябрынан 19-ноябрына чейин STEM сабактарынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча масштабдуу курстардын экинчи этабы өттү.
Курстар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан өткөрүлдү.
Курстар табигый жана так илимдерди окутуунун алдыңкы эл аралык методикаларын киргизүүгө багытталган. Бул методикалар мугалимдерге окуучуларды билим берүү процессине активдүү тартууга, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет. Төрт күндүк тренингдер өлкөнүн бардык аймактарын камтып, тренингдерди квалификациялуу мастер-тренерлер өткөрүштү.
Программанын негизги багыттары:
Математика: курстар окуучулардын математика боюнча терең концептуалдык түшүнүгүн калыптандырууга, математикалык моделдештирүү жана эсептөө ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул ыкмалар окуучуларга теориялык принциптерди гана өздөштүрбөстөн, аларды реалдуу жашоодо колдонууну үйрөнүүгө жардам берип, математиканы көбүрөөк түшүнүктүү жана кызыктуу кылат.
Табигый илимдер: окутуу 5E модели боюнча жүргүзүлөт, ал беш этап аркылуу окуучуларды активдүү тартат — Кызыктыруу (Engage), Изилдөө (Explore), Түшүндүрүү (Explain), Кеңейтүү (Elaborate) жана Баалоо (Evaluate). Бул ыкма окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрөт, аларга илимий процесстерге аралашып, билимди активдүү катышуу жана практикалык тажрыйба аркылуу өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
«Курстар мугалимдерге окуучулар менен тереңирээк деңгээлде иштөөгө, теория менен жашоодогу байланышты көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет», — дейт курстардын түндүк аймагы боюнча координатору Айгерим Жолчубекова.
Жаңы методикаларды практикада колдонууга өзгөчө көңүл бурулат: тренингдерден кийин ар бир мугалим алган билимдерин колдонуу менен өзүнүн сабак пландарын түзөт. Мастер-тренерлер мугалимдерди коштоп, алардын сабактарына катышып, жаңы методдорду күнүмдүк практикага киргизүүгө жардам көрсөтүүнү улантышат.
Мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Курстун үчүнчү этабы 4-декабрда башталат жана аягына чейин өлкө боюнча 15 885 STEM мугалимин окутуу пландаштырылууда.