БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН АРДАК ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Ноябрь 2024 ж. 17:14

Көрүлдү: 460

Бүгүн, 25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

post.title

КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын 2024-жылдын 31-октябрындагы № 154-ӨК/АГ тескемесинине ылайык, КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен төмөнкү кызматкерлер сыйланышты. 
•    Супаналиев Бекжан Торобаевич, министрдин биринчи орун басары;
•    Джусупбекова Надира Сынташевна, министрдин кеңешчиси;
•    Исираилова Айнура Толобаевна, Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы; 
•    Усупбеков Марат Суйундукович, Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
•    Абдыракманова Асылгуль Доотуевна, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
•    Назарбаева Майрам Токтогуловна, Мониторинг, стратегиялык пландоо жана мамлекеттик программаларды талдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
•    Акулова Бактыгуль Темирбековна, Аккредитациялоо жана
сапатты баалоо бөлүмүнүн башкы адиси; 
•    Мамбетакунова Нургуль Барыктобасовна, Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; 
•    Курманова Алия Бактыбековна, Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; 
•    Алибаева Дамира Какеновна, Лицензиялоо секторунун башкы адиси; 
•    Мамытова Мухабат Тилегеновна, Уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча секторунун башкы адиси; 
•    Ибраимова Гульнара Уметбековна, Мамлекетти тилди өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси; 
•    Бекташева Динара Нажимудиновна, Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар