СОР-29: КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ ЖЕҢИЛДЕТҮҮ, АДАПТАЦИЯЛОО ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Ноябрь 2024 ж. 10:06

Көрүлдү: 1127

2024-жылдын, 18-ноябрында Баку шаарында (Азербайжан) Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиевдин төрагалыгында СОР-29 алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин атайын иш-чарасы өттү.

post.title

Ал “Климаттын өзгөрүшү: Кыргызстандын билим берүү системасындагы кыйынчылыктарды жеңилдетүү, адаптациялоо жана  чечүү жолдору” темасына арналды.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов ачып, сөз сүйлөдү.

Панелдик сессияда Азия өнүктүрүү банкынын адамдык жана социалдык өнүктүрүү боюнча офисинин Борбордук, Батыш жана Чыгыш Азия командасынын аймактык директору София Шакил,  ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азиядагы аймактык кеңсесинин туруктуулук жана климат маселелери боюнча адиси Антонио Йовановски, БУУнун Окуу жана илимий-изилдөө институту, "Планета" башкармалыгынын директору Ангусс Маккай, "Өндүрүштүк тамактануу институтунун” президенти Чернигов Владимир, ЮНИСОН Групп компаниясынын президенти Нурзат Абдырасулова жана Азербайжан Республикасынын Илим жана билим берүү министрлигинин жетекчилери катышты.

Бекжан Супаналиев Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын трансформациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу презентация жасап, "Билим берүү секторунда  климаттын өзгөрүүсүнүн таасирин төмөндөтүүгө кластердик ыкма" долбоору менен тааныштырды, иш-чаранын катышуучулары климаттык кризис шартында билим берүү системасынын ролу тууралуу пикир алмашып, презентациялар жасалды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар