Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
19 Ноябрь 2024 ж. 15:41
Көрүлдү: 262
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча 29-конференциясына (COP-29) катышууда.
Б.Супаналиев "Билим берүүнү жашылдандыруу жана климатка туруктуулукту жогорулатуу" жана "Эл аралык баалоонун алкагында экологиялык сабаттуулукту өлчөө" темаларында жогорку деңгээлдеги панелдик дискуссияларга катышты.
Панелдик сессия климаттык көйгөйлөргө жооп катары билим берүүнү трансформациялоону талкуулоого арналды.
Бекжан Сунапалиев "Эл аралык баалоо алкагында экологиялык сабаттуулукту өлчөө" темасындагы панелдик дискуссияда сөз сүйлөдү. Анда СОР-29га катышуучу өлкөлөрдүн билим берүү министрликтеринин жетекчилери, ошондой эле эл аралык эксперттер катышып, окуучулардын экологиялык сабаттуулугун жогорулатуудагы PISA сыяктуу баалоо изилдөөлөрдүн ролу кеңири талкууланды.