Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
18 Ноябрь 2024 ж. 13:42
Көрүлдү: 299
Пресс-анонс
2024-жылдын 19-ноябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Бишкек шаарынын мэриясы менен жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрүлөт.
Кеңешмеге Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, Милициянын патрулдук кызматынын өкүлдөрү жана профессордук-окутуучулар курамы катышат.
Убактысы: 2024-жылдын 19-ноябры, саат 10.00
Өткөрүлчү жери: И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ч. Айтматов проспекти, 66, 3-корпус, 217-аудитория
Кошумча маалымат алуу үчүн КР БИМдин маалыматтык саясат бөлүмүнө кайрылыздар.
Тел.: +996 554 445 566 (Гульмира Уметалиева)