Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
15 Ноябрь 2024 ж. 23:12
Көрүлдү: 888
2024-жылдын 14-ноябрында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн майрамдык иш-чаранын алкагында жаш изилдөөчүлөр жана окумуштуулар арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы угузулуп, жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин дипломдору тапшырылды.
Эске сала кетсек, сынак 2024-жылдын 24-сентябрында жаш изилдөөчүлөр жана окумуштуулар арасында жарыяланган. Ага окумуштуулук даражасы бар же жок экенине карабастан 35 жашка чейинки курактагы жаш илимпоздор катышкан.
Жыйынтыгында конкурстук комиссия тарабынан 3 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталган.
«Жылдын эң мыкты илимий макаласы» номинациясы боюнча:1-орун – Асилбеков Кыязбек Асилбекович;
2-орун – Жапаралиев Шербол Жапаралиевич;
3-орун – Окенов Арстанбек Окенович;
4-орун – Кадырова Бегимай Бакытбековна;
5-орун – Белек уулу Эсенбек.
«Жылдын эң мыкты инновациялык социалдык долбоору» номинациясы боюнча:
1-орун Шайымбетова Алтынай Рысбековна.
«Жылдын мыкты жаш окумуштуусу» номинациясы боюнча:
1-орун – Дуулатов Элдияр Сапарбекович;
2-орун – Абдирасулова Жайнагүл Абдирасуловна;
3- орун – Алишер кызы Салтанат жана Эрнисова Айгерим Эрнисовна;
4-орун – Асаналиева Мээргүл Максуталиевна;
5-орун – Джаилова Асель Джумабековна.
Жеңүүчүлөр жана алардын эмгектери тууралуу кеңири маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жайгаштырылат.