Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
15 Ноябрь 2024 ж. 9:45
Көрүлдү: 392
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңешке берген отчётунда бала бакчалар менен камтуу боюнча көрсөткүчтөр жакшырганын билдирди.
"Бизде бала бакчалар боюнча жакшы иштер башталды, көрсөткүчтөр да жакшы. Камтуу былтыркы 28,3%дан (233 миң бала) 35%га (300 миң балага) өстү. Жергиликтүү деңгээлде кээ бир маанилүү чараларыбыз жакынкы айларда камтууну 40%га жеткирүүгө тийиш. Билим берүү министрлиги ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык уюмдар менен биргеликте бүгүнкү күндө алты жашар балдардын баарын мектепке даярдоо курстарына 100% камтуу боюнча аракет көрүп жатат", - деди А.Жапаров.
Белгилей кетсек, соңку жылдары Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 300 эрте өнүктүрүү борбору, 302 кыска мөөнөттүү бала бакча (мектептерде жана китепканаларда), 257 үй тибиндеги бала бакча (акселератор) ачылган.