МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕГИ ОТЧЁТУ: АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ РЕФОРМАЛАРДЫН МААНИЛҮҮЛҮГҮН БЕЛГИЛЕДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Ноябрь 2024 ж. 17:11

Көрүлдү: 398

Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту кароонун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы реформалардын маанилүүлүгүн белгиледи.

post.title

Ал белгилегендей, 2023-жылы китеп басып чыгаруу боюнча рекорд коюлган, башкача айтканда, 738 670 нускада жаңы окуу китептери басылып чыккан, ал эми 2025-жылга чейин окуу китептерин басып чыгарууга 744 млн сом бөлүү пландалууда. Мугалимдерди колдоого да көңүл бурулуп, 2025-жылдын февраль айында мугалимдер үчүн 27 миң даана ноутбук таратыла баштайт.
 
Акылбек Жапаров IT адистиктери боюнча студенттердин саны 7100 адамга көбөйүп, мектептерге 25 миң компьютер берилгенин билдирди. Ал белгилегендей, окуу программалары толук жаңыланып, санариптик сабаттуулукка жана сынчыл ой жүгүртүүгө басым жасалууда.
 
Сөзүнүн аягында ал өлкөнүн келечеги билим берүүнүн сапатынан жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодон көз каранды экенин баса белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар