Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
14 Ноябрь 2024 ж. 16:47
Көрүлдү: 450
Бүгүн, 14-ноябрда, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандын илимий чөйрөсүнүн өнүгүшүнө жана жетишкендиктерине, ошондой эле илимий прогресстин актуалдуу маселелерине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Ага билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, ректорлор жана студенттер катышты.
Иш-чарада Абазбек уулу Расул Кыргызстан илимдин докторлору жана кандидаттарынын саны боюнча алдыңкы орундарды бербей келгени менен, дүйнөлүк рейтингде 127-орунда турганы ойлонгонго себеп боло турган маселе экендигин белгилеп: "Бул илимди реформалоо мезгили өтүп бараткандыгынын белгиси", - деп айтты.
“2023-жылы Кыргыз Республикасы “Scopus” илимий метрикалык базасында 130-орунду ээлесе, быйыл 147-орунга көтөрүлдү. Бул - университеттердин жана окумуштуулардын консорциумун түзүп, “Scopus” журналына макалалардын чыгарылышы аркылуу келген жетишкендик. Мындан тышкары, “Web of Sience", “Google Scholar” базасында да рейтинг жогорулагандыгын, Азия рейтингине кирген алты университет да туура багытта саясат жүргүзүлүп жаткандыгын айгинелейт”, - деди Расул Абазбек уулу.
Иш-чаранын алкагында "Кыргызстандын илимин өнүктүрүү – ийгиликке карай жол" аталышында кереге кеңеш өткөрүлдү. Анда илимий прогресстин негизги багыттары, анын ичинде академиялык илимдин абалы, фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн ролу, ошондой эле билим берүүгө санариптештирүүнүн тийгизген таасири талкууланды.
Жыйындын алкагында кыргыз илиминин өнүгүшүнө салым кошкондорго ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.