МИНИСТРЛИК УЮШТУРГАН ОНЛАЙН-СЕМИНАРГА 1540 ТАЛАПКЕР КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Ноябрь 2024 ж. 17:27

Көрүлдү: 495

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлер үчүн онлайн-семинар өткөрдү.

post.title

Конкурска даярдануу боюнча окутуулар 4-ноябрдан 6-ноябрга чейин ZOOM платформасы аркылуу болду. Ага республика боюнча 1540 талапкер катышты. 

Сынакка катышууда талапкерлердин арыздарын, документтерин туура каттоо, ченемдик укуктук актылар, маалыматтык технологиялар боюнча компетенттүүлүк, тесттердин мазмуну жана тест тапшыруунун жол-жобосу жөнүндө маалыматтар берилди. 

Белгилей кетсек, сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 2024-жылдын 18-ноябрына чейин жүрөт.

Катталуу үчүн тиешелүү документтер билим берүү уюмунун кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук даректер боюнча кабыл алынат:

doo.talas@ncokoit.kg 
doo.naryn@ncokoit.kg
doo.g.osh@ncokoit.kg
doo.chui@ncokoit.kg
doo.ja@ncokoit.kg
doo.batken@ncokoit.kg
doo.osh@ncokoit.kg
doo.ik@ncokoit.kg
doo.bishkek@ncokoit.kg

Сынактын экинчи этабын (квалификациялык тестирлөө) өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби тууралуу билдирүү, ошондой эле талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин сайтына (https://ncokoit.kg/) жарыяланат.

Кошумча маалымат Департаменттин төмөнкү телефон номерлери аркылуу берилет: 0707 490 001, 0503 610 150, 0550 610 15

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар