Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
13 Ноябрь 2024 ж. 14:41
Көрүлдү: 327
2024-жылдын 5-9-ноябрында Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбордук Азиядагы немис тилин окуткан мектептердин директорлору үчүн «Немис тилин окутуунун перспективалары» аттуу конференция өттү.
Конференцияга Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 60 мектептин директору жана министрликтердин адистери катышышты.
Конференцияга Кыргызстандан профессор С. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директору М. Асанова, Нарын шаарындагы В.П. Чкалов атындагы № 2 мектеп-гимназиянын директору Р. Осмонов, Креатив-Таалим билим берүү комплексинин аткаруучу директору С. Кариповалар катышышты.
Конференцияда немис тилин окутуудагы ийгиликтер, тоскоолдуктарды жоюунун жолдору, немис тилин тереңдетип окуткан PASCH мектептериндеги жаңылыктар менен таанышуу, немис тили мугалимдеринин билимин жогорулатуу маселелери талкууланды.
Андан тышкары конференциянын катышуучулары Өзбекстандын жалпы билим берүүчү мектептеринин немис тили мугалимдеринин сьездине катышышты.