Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
11 Ноябрь 2024 ж. 15:56
Көрүлдү: 402
Бүгүн, 2024-жылдын 11-ноябрында, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул менен Сауд Арабиянын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Саад Аль-Дувайандын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташуунун перспективаларын талкуулашты.
Тараптар ошондой эле 2024-жылдын 19-21-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Сауд Арабиясынын Россиянын жана Борбор Азиянын университеттеринин бүтүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Республикасында өтө турган форумунун уюштуруу маселелерин талкуулашты.