«СЕЙТЕК» УЛУТТУК БОРБОРУНУН ДИРЕКТОРУ БОШ КЫЗМАТ ОРДУНА ДОКУМЕНТТЕР КАБЫЛ АЛЫНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Ноябрь 2024 ж. 14:03

Көрүлдү: 422

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунун директору бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт.

post.title

1.    Директордун кызмат ордуна жалпы квалификациялык талаптар

Билими:

*   Педагогика, психология, социалдык илимдер, билим берүүнү башкаруу (билим берүүдөгү менеджмент), искусство жаатындагы жогорку билим;
*  Балдар жана жаштар менен иштөө, социалдык менеджмент же педагогикалык чеберчилик боюнча кошумча курстар, сертификаттар же дипломдордун болушу артыкчылыктуу.

Иш тажрыйбасы:

*    Билим берүү же жаштар уюмдарында, мекемелеринде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар;
*    Билим берүү программаларын жана стандарттарын иштеп чыгуу жаатындагы билими жана тажрыйбасы;
*    Балдар жана жаштар менен, өзгөчө билим берүү, тарбиялоо, чыгармачылык өнүктүрүү тармагындагы тажрыйбасы;
*    Билим берүү жана социалдык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу тажрыйбасынын болушу артыкчылыктуу.

Башкаруу көндүмдөрү:

*    Башкаруу, стратегиялык чечимдерди кабыл алуу жана узак мөөнөттүү пландарды иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү;
*    Илимий изилдөөлөрдү жана долбоорлорду уюштуруу жана өткөрүү тажрыйбасы.

Мыйзамдарды билүү:

*    Билим берүү жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мыкты билүүсү;
*    Программаларды, долбоорлорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну билүү;
*    Балдар жана жаштар менен иштөөнүн заманбап педагогикалык технологияларын жана методдорун билүүсү;
*    Билим берүү жана социалдык программаларды баалоо методикасын билүү;
*   Балдар жана жаштар менен иштеше билүү, коммуникацияны жөнгө салуу жана алардын чыгармачылык, интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү.

Коммуникациялык көндүмдөрү:
*    Мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана ишкер коомчулук менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүүлүгү;
*    Сүйлөө жана сүйлөшүү көндүмдөрү.

Инсандык сапаттар:

*    Жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик жана үзгүлтүксүз билим алууга даярдык;
*    Инновациялык ой жүгүртүү жана натыйжага багыт алуу;
*    Жоопкерчилиги, уюштуруучулугу, демилгелүүлүгү;
*    Эмпатия, толеранттуулук жана балдардын жана өспүрүмдөрдүн өзгөчөлүктөрүн түшүнүү;
*    Ата-энелер, мугалимдер жана өнөктөштөр сыяктуу ар кандай категориядагы адамдар менен иштөө жөндөмү.

Кошумча талаптар:

*    Чет тилдерди билүүсү артыкчылыктуу;
*  Компьютердик көндүмдөрү: билим берүү процесси менен иштөө үчүн кеңсе программаларын (MS Office), интернет-ресурстарды жана адистештирилген программаларды ишенимдүү пайдалануу;
*    Билим берүү, жаштар саясаты жаатындагы кесиптик сертификаттар же сыйлыктар;
*    Лекцияларга, тегерек столдорго, семинарларга жана конференцияларга катышууга даярдыгы;
*    Балдар жана жаштар үчүн маданий жана билим берүү иш-чараларын уюштурууга катышуусу.

2.    Директордун функционалдык милдеттери:

*    Билим берүү программаларын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдында отчет берет;
*    Борбордун ишинин негизги багыттарын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бекитүүгө берет;
*   Билим берүү жана илим министрлиги борбордун түзүмүн жана кызматкерлерине акы төлөө шарттарын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бекитүүгө берет;
*    Борбордун ишин пландаштырат жана көзөмөлдөйт, иштин сапаты жана натыйжалуулугу үчүн жооп берет;
*    Финансылык каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылат;
*   Банкттарда  алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, ишеним каттарды берет, берилген ыйгарым укуктардын чегинде башка укуктардан пайдаланат;
*    Кошумча ыйгарым укуктары жана кошумча ишеним катсыз борбордун кызыкчылыктарын коргойт;
*    Педагогикалык жана башка кызматкерлерди ишке алат жана иштен бошотот;
*    Коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн билим берүү процессинде жоопкерчилик тартат;
*    Борбордун иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
*    Борбордун директорунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алат;
*    Борбордун Уставына ылайык башка функцияларды аткарат.

Тандоого катышуу үчүн кесиптик тажрыйбасы, билими жана илимий жетишкендиктери, жарыяланган илимий макалалары, монографиялары, патенттери жана башка изилдөөлөрү жөнүндө маалыматты толук камтыган резюмени 2024-жылдын 21-ноябры саат 18.00гө чейин moin.kr@mail.ru электрондук дарекке жөнөтүү зарыл (байланыш: (0312) 664643, Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Мусаева Жибек Акматбековна).

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар