МИНИСТР Д.Ш. КЕНДИРБАЕВАНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТООСУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Ноябрь 2024 ж. 10:52

Көрүлдү: 456

Урматтуу илимпоздор, мугалимдер жана изилдөөчүлөр!

post.title

Сиздерди 10-ноябрь – Кыргыз Республикасынын илим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Ар бир ойлоп табуунун, илимий ачылыштын жана жаңы технологиянын артында белгилүү бир окумуштуунун илимий дарамети, дымагы жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүгү турат!

Миңдеген окумуштууларыбыздын дүйнөнү жана бизди курчап турган чөйрөнү түшүнүүгө, изилдөө горизонтторун кеңейтүүгө, жаңы билимдерди  калыптандырып, коомубуздун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга болгон аракеттерине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет!

Өлкө башчыбыз С.Н. Жапаров ар бир чөйрөдөгү чечимдерди кабыл алуу илимий жактан негизделип, ишке ашырылышы керектигин белгилеп келүүдө. Андыктан биздин өлкө фундаменталдык жана прикладдык изилдөө чөйрөсүндөгү илимий ачылыштарга абдан муктаж экенин баса белгилегим келет. Илим менен өндүрүштүн биримдиги гана өлкөбүздүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жол ачары шексиз. Экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүдө, адам ресурстарын пайдаланууда илим ар дайым алдыда болушу керек.

Ошондуктан  мамлекетибиздин илим чөйрөсүндөгү саясаты өлкөбүздү туруктуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон илимий чечимдерди иштеп чыгууга, илим чөйрөсүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө жана кадыр-баркын жогорулатууга багытталууда.

Сиздердин жаратман эмгегиңиздер менен илимий-техникалык прогресстин өнүгүү темпин тездетүү, учурдагы дүйнөлүк чакырыктардын талабына жараша ыңгайлаштыруу экономиканын жана коомдун өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Ошондуктан жаңы технологиялык жана илимий чечимдер өндүрүштүк процесстерди гана эмес, алардын түзүмүн өзгөртүүгө, жаңы рынокторду түзүүгө, тармактык, анын ичинде мамлекеттер аралык өз ара байланыштарды жандандырууга өбөлгө түзөрү шексиз.

Биз сиздер жараткан ар бир ийгиликке сыймыктануу менен карап, өлкөбүздөгү илимдин мындан ары өнүгүп-өсүшүнө болгон аракетибизди жумшайбыз. Сиздердин чыгармачыл ишмердигиңиздерди колдоп, ар бириңиздердин илимий идеяңыздарды ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды түзөбүз.

Сиздерге жаратмандык, чың ден соолук жана жаңы ачылыштардын жолунда чоң жеңиштерди каалайм! Илимий жетишкендиктер ар дайым кесиптик жана инсандык өнүгүүнүн булагы болуп, келечек муунду шыктандыра беришине тилектешмин!

Урматым менен,

Министр Д.Ш. Кендирбаева

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар