«МЫКТЫ МЕКТЕП АШПОЗЧУСУ-2024» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Ноябрь 2024 ж. 16:57

Көрүлдү: 410

Билим берүү жана илим министрлиги жана БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен уюштурулган “Мыкты мектеп ашпозчусу -2024” сынагынын финалдык туру болуп өттү.

post.title

Финалга ар кайсыл аймактардан мыкты деп табылган жети ашпозчу катышып, үчөө алдыга озуп чыкты. 

1-орунду  Чүй облусундагы Новониколаевка инновациялык орто мектебинин ашпозчусу Людмила Стоногина багындырса,  2-орунга Нарын облусунун Бейшеев атындагы орто мектебинин ашпозчусу Назгүл Жунушова, 3-орунга Баткен облусундагы №3 “Охна” орто мектебинин ашпозчусу Наргиза Кичибаева татыктуу болду.

“Мыкты мектеп ашпозчусу -2024” сынагынын финалдык туру эки этаптан турду. Алгач ашпозчулар мектеп менюсу үчүн атайын жасалган ысык тамактарын тартуулашты. Тамактын даамын эле эмес,  жергиликтүү ингредиенттерди жана чектелген бюджетти эске алуу менен автордук рецепттерди иштеп чыгышты. Экинчи этапта сунушталган азыктарды колдонуп,  20 мүнөттүн ичинде салат жана суусундук даярдашты.

Берилген тапшырмалар ашпозчулардын  чектелген убакытта тамак жасоо жөндөмүн,  чыгармачылыгын сыноого жардам берди.

Билим берүү министрлигинин, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Ашпозчулар ассоциациясынын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу ар бир тамактын даамы, жасалгасы жана мектеп тамак-ашын даярдоо талаптарына шайкештиги боюнча баа беришти.

Сынактын жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө 50 000, 30 000 жана 20 000 сомдук жабдууларды сатып алууга сертификаттар жана сыйлыктар тапшырылды.

Бул иш-чара окуучулар үчүн сапаттуу жана пайдалуу тамактардын маанилүүлүгүн белгилеп, мектеп тамак ашын колдоого жана өнүктүрүүгө, ал эми ашпозчулардын кулинардык жаңы ыкмаларды өздөштүрүүсүнө багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар