БИШКЕКТЕ АККРЕДИТАЦИЯЛОО МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ОКУТУУ СЕМИНАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Ноябрь 2024 ж. 16:34

Көрүлдү: 424

5-6-ноябрда Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңештин аккредитациялык агенттиктердин ишине мониторинг жүргүзүү функциясын ишке ашырууга даярдык көрүү жана агенттиктерди баалоо боюнча эксперттерди окутуу семинары өткөрүлдү.

post.title

Семинарга квалификациялык талаптарга туура келген арыз берүүчүлөр катышты. Мындай окутуулар мындан ары да улантылып, эксперттердин катарын толуктоо боюнча тынымсыз иш жүргүзүлөт.

Окутуудан өткөндөр атайын электрондук платформа аркылуу тестирлөөдөн өтүүнүн жыйынтыгында аккредитациялоо маселелери боюнча эксперт экендигин тастыктаган күбөлүккө ээ болушат. Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү 3 жылды түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык Аккредитациялык агенттиктердин ишине 2 жылда бир жолу мониторинг жүргүзүлүп турат. Мониторинг жүргүзүүнүн негизги максаты – аккредитациялык агенттиктердин ищинин ачык-айкындуулугун камсыздоо менен билим сапатынын жакшыруусуна өбөлгө түзүү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар